Талас. Облус башчы 3 жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди

31-июлда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева 2010-2013-жылдар аралыгында аткарылган иштери тууралуу маалымат берди. Анда ыйгарым укуктуу өкүл буларга токтолду: “3 жыл ичинде Талас облусунда жакшы да, жаман иштер да болду. Унаа жолдору оңдолду, коңшу Казакстандын Жамбыл облусундагы “Орталык” базарынан Талас эли үчүн бекер орундар берилди. Ошондой эле 2010-жылы болгону 14 бала бакча болсо үстүбүздөгү жылы анын саны 34кө жетти. Мындан тышкары өкүлчүлүктүн түздөн-түз демилгеси менен райондорго тапшырмалар берилип, жашылдандыруу мурдагыга салыштырмалуу жогорку деңгээлде ишке ашып жатат”,- деди. Облус башчы аткарылган иштерди кыска сөзгө камтуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Жыйында 3 жыл ичинде облуста 276 ар түрдүү нааразычылык акциялары болгону айтылды.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан