Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны өсүп жаткандыгын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 10 жыл ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 65 пайызга өскөн. Алардын саны 2002-жылы 96 миң 926 болсо, 2012-жылы 149миң 688ге жеткен. Бул көрсөткүч жалпы калктын санынын 2,6 пайызын түзөт. Былтыркы жылга салыштырмалуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санынын өсүшү жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу (20,3 пайыз), ар кандай жаракаттарга байланыштуу (14,1 пайыз) жана сезүү органдарына байланыштуу (11,3 пайыз) болгон.