Жалал-Абад. Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, өздүгү такталбай жатат

2013-жылдын 24-июлунда саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош жолунун 400-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Кара-Суу районунун Эшме айылынын тургуну Эгемберди Пирматов Мерседес унаасы менен Ош шаарынан Бишкек шаарына бара жатып кырсыкка учураган. Кырсыктан айдоочусу жана унаадагы Таалайбек кызы Элиза, Мустафа Салайдинов аттуу жүргүнчүлөр оор жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 20-22 жаштагы бир жүргүнчү каза болуп, ушул убаккка чейин өздүгү такталбай жатат. Учурда анын денеси Кара-Көл шаарынын өлүктөрдү кармоочу жайында. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан