Акын, жазуучу, котормочу Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин белгилөө планы өкмөттө талкууланып жатат. Буга карата кыргыз, казак төкмө акындарынын арасында сынак уюштуруу, китеп жана дисктерди чыгаруу каралууда. Борбордогу мектептердин бирине Р.Шүкүрбековдун ысымын ыйгаруу сунуштары да айтылууда. Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири болгон Райкан Шүкүрбеков Таластын Ак-Чий айылында 1919-жылы жарык дүйнөгө келген. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук филармониясынын адабият бөлүмүн жетектеп келген. “Жаркынай”, “Айдар”, “Жапалак Жатпасов”, “Жинди суу”, “Кыз жигит” сыяктуу көптөгөн чыгармалардын автору. Жазуучу 1964-жылы көз жумган.