Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында 70 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда аталган райондун акими Таалайбек Долдоев билдирди. "Бала бакчанын курулушуна 4,5 миллион сом сарпталып, жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 650 миң сом бөлүнүп берилди. Ал эми калган каражатты Юнисеф долбоору каржылады. Учурда 50 бала келип тарбияланууда, негизи 70 орундуу. Окуу жылы башталса дагы бөбөктөр кошулат",- дейт аким. Белгилүү болгондой, Бешик-Жон айылы боюнча 4 бала бакча иштеп, анда 250 бала тарбияланууда.