Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 4-айлампасын өткөрүү боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Буйруктун негизинде 11 жогорку окуу жайда акыркы сынактар өткөрүлөт. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бош орундарга абитуриенттерди келишимдик негизде кабыл алуу 25-августка чейин уланат.