Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бош орундарга абитуриенттерди келишимдик негизде кабыл алуу 2013-жылдын 25-августуна чейин уланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле абитуриенттерди кабыл алуунун 4-айлампасында жогорку окуу жайлардын физика менен математикадан предметтик тестти талап кылган бюджеттик орундарга, негизги тест боюнча босого баллдан өтүп, физика менен математикадан предметтик тестти тапшырбай калган абитуриенттерге катышууга уруксат берилет. Аталган адистиктерге кабыл алууда предметтик тест тапшырган абитуриенттер артыкчылык укугу менен пайдалана алышат, калган орундарга негизги тесттин жыйынтыгы боюнча сунушталат.