"Каркыра" чек ара бекетине электр энергиясы жеткирилди

Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен жериндеги "Каркыра" чек ара бекетине электр энергиясы жеткирилди. Бул тууралуу “Чыгыш электр” ишканасынын басма сөз кызматы 31-июлда билдирди. Жаңы ишке берилген электр чубалгыларынын узундугу 6 чакырымды түзөт. Ага жалпысынан 3 миллион 600 000 сом сарпталган. Буга чейин Кыргызстандын "Каркыра" чек ара бекети, бажы кызматы электр энергиясын Казакстандан атайын келишимдин негизинде алып келген. Бирок жумуш учурунда ар кандай себептерден улам электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, тоскоолдуктар жаралып келген. 29-июлдан бери электр энергиясы үзгүлтүксүз бериле баштады.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан