Ысык-Көл. Жети-Өгүздөгү ири автокырсыктан жаракат алган Нуржан Абдрахманова ооруканадан көз жумду

23-июлда Жети-Өгүз районунда ири автокырсыктан оор жаракат алган Нуржан Абдрахманова бүгүн, 31-июлда облустук ооруканадан көз жумду. Оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаевдин билдиришинче, маркумдун башына эки жолу операция жасалган. Бирок өзүнө келе алган жок. Учурда ооруканада ал кырсыктан жабыркаган дагы бир аял, үч эркек киши дарыланууда, абалдары жакшы. 5 жашар жабырлануучу Гүлнара Акылбекова сакайып, үйүнө чыгарылды. Айта кетсек, 23-июлда Ысык-Көлдүн Кытай айылында жүргүнчү ташып бара жаткан кичи автобус кырсыкка учураган. Окуя болгон жерден 10 адам каза болуп, 4 адам ооруканадан көз жумган. Абдрахманова 15-болуп каза болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан