Буга чейин SUPER.KG порталына алгач жалгыз бой эне кайрылып 25 жаштагы кызы Мээргүл Анарбек кызы боор оорусунан жабыр тартаарын айтып коомчулуктан жардам сурап кайрылган эле.
Көп өтпөй кайрымдуу мекендештерибиздин жардамы менен керектүү каражат чогулуп Индияга боорун алмаштырууга операция жасатуу үчүн учуп кеткен.
Дарыгерлер Мээргүлдүн жашап кетүү мүмкүнчүлүгү аз экенин айтканына карабастан ал 13 сааттык операциядан ийгиликтүү чыгып, дарыланып бүткөн соң мекенине кайтып келген.
"Ак ниет аманат" коомдук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев Мээргүл мекенине кайрылып келгенден кийин акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу керектүү дарыларды ичүүсү үзгүлтүккө учурап, ал кайрадан ооруп калганын билдирген эле.
Маркум Мээргүлдүн апасы Шаангүл Таштанбекова кызы өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин оору менен күрөшүп жатып ыйык Орозо айында каза болгонун билдирип, эч кимге мындай тагдырды каалабасын айтып өттү.