Боорун алмаштыруу үчүн Индияга учуп кеткен Мээргүл Анарбек кызына 13 сааттык операция жасалып, азыркы тапта абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда SUPER.KG порталына "Ак ниет - Аманат" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.
Маалыматка караганда, азыркы тапта Мээргүл жандандыруу бөлүмүндө, ал эми ага донор болгон апасы палатага которулду.
"Буюрса, бейтаптын абалы жакшы, узакка созулган операциядан ийгиликтүү чыкты. Дарыгерлер 30 гана пайыз кепилдик берип жатышкан, ага карабастан операция ойдогудай өтүп Мээргүлдүн абалы күндөн күнгө жакшырып жатат. Кызына донор болгон Шаангүл Таштанбекованын да абалы, буюрса, жакшы, ал палатага которулган. Ал эми Мээргүл жакынкы күндөрү палатага которулат. Операциядан кийин 1 айга жакын убакыт Индияда болот. Бул арада бейтап 2 жолу атайын анализдерди тапшырат, жыйынтыктары жакшы чыкса мекенине кайтат", - дейт Сапарбаев.
Ошондой эле Сапарбаев операция күнү бейтаптын жанында болуш үчүн Индияга учуп барганын айтып өттү.
"Операция күнү бейтаптын жанында болуу үчүн Индияга учуп баргам. Эми, буюрса, Мээргүлдөн 1 ай мурда операция болгон Милан Садыкжан уулу менен бирге 8-ноябрда Кыргыз өлкөсүнө учуп барабыз. Азыркы тапта Миландын абалы жакшы экен, ал дагы Мээргүлгө өз кеп-кеңештерин айтып, моралдык жактан колдоо көрсөтүп турду", - деп билдирди Сапарбаев.