Ысык-Көл жайкы эс алуу үчүн эң жакшы деп саналган 12 көлдүн тизмесине кирди. Орусиялык маалымат булактарынын бири жайкы эс алуу үчүн дүйнөдөгү эң жакшы көлдөрдү тандоо боюнча иликтөө жүргүзүп, анда кыргыз бермети 5-орунду алган. 1-орунду Орусиядагы Байкал көлү ээлеген. Ал эми эң мыкты көлдөрдүн тизмесине Италиядагы Комо көлү, Американын Тахо көлү, Германиянын Тегернзее, Австриянын Вольфганзее, Венгриянын Балатон, Швейцариянын Женева, Шотландиядагы Лох-Несс, Италиядагы Гарда жана Швейцариянын Лугано көлдөрү кирген.