Борбор калаада саат 13:00гө карата добуш бергендердин саны 41660ка жетти
Саат 13:00гө карата Бишкекте 41 660 шайлоочу, башкача айтканда, каттоодон өткөн шайлоочулардын 12,03% пайызы өз добуштарын беришти. Бул тууралуу боршайкомдун сайты маалымдайт. Айта кетсек, борбор калаада жалпысынан 346338 шайлоочу каттоодон өткөн. Райондор боюнча бөлүп карасак, Ленин районунда 9784 жаран (10,38%) добуш берип бүтүштү. Октябрь районунда - 11100 (12,03%), Биринчи Май районунда - 8494 (12,31%) жана Свердлов районунда - 12282 (12,03%).