Башкы прокуратура Дамир Мусакеевдин эмне үчүн 5 жылга соттолгону боюнча түшүндүрмө берди

24-майда Свердлов райондук соту тарабынан УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев 5 жылга соттолгон.

Бүгүн, 27-майда Жогорку Соттун маалымат кызматы аталган окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Мусакеев тергөө органдары тарабынан 2016-2017-жылдар аралыгында Турак-жай кодексинин талаптарын бузуп, жалпы кезекти эске албай, өзүнө жакын болгон кызматкерлерге мыйзамсыз кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө айыпталган. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турган учурда 15 кызматкер кезекти бузуп батирге ээ болсо, алардын үчөөсүнө мурда да батир берилгенине карабай кайрадан турак жай ыйгарылган.

"Жыйынтыгында 9-кызматтын 18 кызматкери узак убакыттан бери кезекте турганына карабай турак жай менен камсыз болгон эмес. Бул факты боюнча жабырлануучулар арыз менен кайрылып, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүдө аныкталган. Өткөн жылдын 27-ноябрында Аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ушул жылдын 7-февралында козголгон кылмыш иши тууралуу билдирүү тапшырылган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирген.

12-февралда кылмыш иши Свердлов райондук сотуна жылдырылып, 2-апрелден 24-майга чейин 10 жолу соттук отурум өткөрүлгөн. Соттук отурумдарда 49 күбө, 18 жабырлануучу, 1 жабырлануучунун өкүлү жана айыпталуучу Дамир Мусакеев суралып, алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө чогулган далилдер изилденип чыккан.

Соттук отурумдарда күбөлөр 9-кызматтын турак жай комиссиясынын төрагалары жана мүчөлөрү толугу менен көрсөтмөлөрүн тастыктап, кызматтык батирлерди бөлүштүрүү Мусакеевдин буйругу жана басымы менен жүргүзүлгөнүн айтышкан. 18 жабырлануучу да Мусакеев тарабынан мыйзамдуу түрдө кызматтык турак жайга ээ болуу укугу бузулганын айтып, соттон тиешелүү чара көрүүсүн суранган.

Бардык тараптар суралгандан соң кылмыш ишинин материалдарын изилдөөдөн кийин, отурумдун катышуучуларынын пикирлерин жана Дамир Мусакеевдин акыркы сөзүн угуп көрүп, Свердлов райондук соту УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчисин ага тагылган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп тап, 5 жылга эркинен ажыратуу жана 70 миң сом айып пул салуу чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, 8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыгып, журналисттерге 20 миллион сомдук делген үйлөрүн 4 жарым сааттын ичинде көрсөткөн. Андан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана деген.

Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын жетекчилигине 2016-жылы 1-июнда дайындалып, 2018-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dosym
2019-05-27 17:10:01
Заказы аткарып коюп олтурасынар, чоң кызмат күтүп, ХХХХ экенсиңер дейин десем ХХХХ силерге караганда жакшыраак
+1
filis
2019-05-27 17:33:00
Жээнбековтордун жеке буйругу иштеп кетти.
+1
senchi
2019-05-27 18:22:59
5жыл эмес тез эле чыгат, 70 мин эч канча акча эмес. Эл козуно Жана Атамбаевди кармаганга чейин тоскоол болбош учун деп ойлом.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан