Баткендин жашоочуларына жарым жылда 222 миллион сом жөлөк пул төлөнгөн

Баткен облусунун жашоочуларына 2013-жылдын 1-жарым жылдыгына карата республикалык бюджеттен 222,7 миллион сом жөлөк пул төлөндү. Бул каражат аймактын жашоочуларына толук таратылды. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы 1-августта билдирди. Жөлөк пул алган жарандардын жалпы саны 56,8 миң адам. Алардын ичинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 51,2 миң, бул облус калкынын 12,3 пайызын түзөт. 1-июлдан тарта аймактын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын ар бир баласына 475 сомдон төлөнүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан