Нарын облусунда кыргыздарды сабаган кытайлык “Чайна роуд” компаниясынын кызматкерлери кандай жоопкерчиликке тартылары иликтөөнүн жыйынтыгында билинет. Маалыматты КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов 1-августта билдирди. Айтымында, учурда ИИМдин Нарын облустук башкармалыгынын өкүлдөрү жаңжал чыккан жерде териштирүү иштерин жүргүзүүдө. “Окуя болгон жерге чогулган кыргыздарга “Чайна роуд” ишканасынын жоопкерчиликтүү өкүлү чыгып, кандайдыр-бир дары-дармек үчүн же дарылануу үчүн акча каражатын, компенсация төлөп берүүгө даяр экендигин билдирди”,- деп кошумчалады ал. Эске салсак, кечээ, 31-июлда Нарын облусунда кытайлык “Чайна роуд” жол-курулуш ишканасында иштеген кытайлар 4 кыргыз жаранын сабап салышкан.