Бүгүн, 1-августта Ош шаарында “Юридикалык борбор” коомдук бирикмеси маалымат жыйын өткөрдү. Аталган борбор 2010-жылы Июнь окуясынан кийин “Турак жай менен камсыз кылууда документтерди каттоо жана Ош шаарынын жашоочуларын колдоо” аттуу долбоордун алкагында жергиликтүү жашоочулар менен иш алып барышкан. Бул аралыкта аталган коомдук бирикмеге 332 кайрылуу келип түшсө, 500дөн ашуун жаранга юридикалык жактан акысыз кеп-кеңеш берилген. “Учурда бул долбоор аягына чыкты, бирок көйгөйлөр дагы деле бар”- дейт бирикменин аткаруучу директору Бахадыр Расаходжаев.