Ош шаарындагы Т.Сатылганов атындагы облустук китепканада учурда 1 миллион 237 миң 916 китеп бар. 2013-жылдын 6 айында китепканага 11 355 окурман кирген. Ал эми китепкана кызматкерлери окурмандарга 870 980 китепти таап берип, кызмат көрсөткөн. “Азыр жай мезгилине байланыштуу шаардыктардын көпчүлүгү эс алууда. Окурмандардын саны бир топ азайды”- дейт китепкананын коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Салкынбү Эрмекбаева.