Президент Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлоо алдындагы үгүттөөнү өткөрүүгө, ар кандай үгүт материалдарын тарткатууга укугу жок адамдардын тизмесинен алынып салынат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.