Депутат Чыныбай Турсунбеков Нарында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү

"Райондук жергиликтүү бийликтин жакшы иштей баштагандыгы бизге жолдонгон жаңы тапшырмалардан улам байкалып турат. Элдин баштагыдай баш аламан талаптардан арыла баштагандыгы бизди кубандырат. Эл Баетов айылында менчиктештирилип кеткен таза суу системин кайра кайтарып алып, азыр калыбына келтирилип жатыптыр. Албетте, мурдагы 60-70 суу түтүктөрүнүн 6-7си гана иштейт экен",- деп билдирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Нарында шайлоочулар менен жолугушууда. Депутат Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда болуп, жергиликтүү жашоочулардын арыз-муңун укту. Турсунбеков менен бирге депутат Абдыманап Кутушев да жүрдү. Саясатчылардын элди бөлүүсү жакшы иш эмес экенин айткан шайлоочулардын сөзүн улаган Кутушев буларды айтты: "Шайлоочулар да жеке маселелер кызыкчылыгынан чыгышып, коомчулуктун кызыкчылыгына шайкеш маселелерди көтөрүп, элдин жашоого болгон көз карашы учур талабына негизделе баштаганы кубандырат". Жолугушууларда мектеп, бала бакчалардын жетишпестиги сыяктуу көйгөйлөр айтылып, депутаттар аларды чечүүгө аракет жасай тургандыктарын айтышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан