Президент Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 27-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал билим берүү тутумун өнүктүрүү, билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.