Электр жабдууларын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 2-августта Ош облусунун бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Тактап айтсак, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Маданият, Калинин, Агартуу, Катта-Талдык, Лангар, Лаглан айылдарында, Ноокат районунун Кулатов айылында, Алайдын Гүлчө айылында саат 08:00дөн 17:00 чейин электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу “Ош электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.