Президент Алмазбек Атамбаев “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал ишкердик ишти жөнгө салуучу кабыл алынып жана колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылардын атаандашуусуна таасир этүүчү баа берүү механизмин киргизүүнү көздөйт. Ошондой эле базарларда атаандашууга чек коюуга жана базарды монополиялаштырууга жол бербөөгө багытталат. Бул ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болмокчу. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.