Президент Алмазбек Атамбаев “Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент” мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Ал балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, оюнчук өндүрүүчүлөрдүн, ташып жеткирүүчүлөрдүн жана сатуучулардын керектөөчүлөрдү адашууга алып баруучу аракеттеринин алдын алуу максатын көздөйт. Ал “Кыргызстандагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык кабыл алынган жана оюнчуктардын, аларды чыгаруу, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуучу минималдуу талаптарды белгилейт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.