Бүгүн, 1-августта саат 07:30да Каракол ШИИБине шаардагы №23-СИЗОдо күзөттө турган кызматкер ок тийип өлгөндүгү боюнча билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Аманбек Телибаев билдирди. ШИИБинин жана прокуратура органдарынын өкүлдөрү, жетекчилери окуя болгон жерге барганда кенже сержант Назарбек уулу Улукбектин көкүрөгүнө тийген октон көз жумганы белгилүү болгон. Ал күзөттө турган аймактагы имараттын дубалында "эч кимдин күнөөсү жок, мен Улукбек" деп мык менен чийилип жазылган жазуу болгон. Маркумдун жанынан автомат жана анын бир огу табылган. Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө башталды. Кошумчалай кетсек, каза тапкан Назарбек уулу Улукбек 21 жашта болгон.