Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Мухтар Жумалиев “Замандаш” ассоциациясын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал ассоциациянын алып барып жаткан иштерин баалап, элчилик чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында ассоциация менен тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирген. “Чет мамлекетте жашаган кыргыздардын улуттук аң-сезимин көтөрүүгө, кыргыз элинин өзгөчөлүгүн баса белгилөөгө жана чет өлкөдөгү кыргыздардын мартабасын аныктоого укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан 2003-жылдан берки ишиңиздерди мындан ары дагы ийгилик коштоп, жалпы кыргыз элибиздин бактысы, өлкөбүздүн келечеги, экономикабыздын, маданиятыбыздын өнүгүүсү үчүн жасаган иш-аракетиңиздер жана ой-максаттарыңыздар орундалсын! 2003-жылдан баштап “Замандаш” ассоциациясы дүйнө боюнча 100дөн ашык уюмдарды бириктирип иштеп келе жатат”,- деп жазылат куттуктоодо. Мухтар Жумалиев “Замандаш” ассоциациясынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу бир нече өлкөдө өтө турган иш-чараларды салтанаттуу жана ийгиликтүү өткөрүүнү каалап, ассоциация жамаатына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, жаркын маанай каалаган.