Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн 83-жылдыгына карата атайын иш-чара өтөт

Эртең, 2-августта Бишкектеги Д.Асанов атындагы сейил багында аба-десанттык аскер бөлүгүнүн калыптанышынын 83-жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чарага министрликтин аскер кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн ветерандары, коомчулук жана башкалар катышат. Маалыматка ылайык, парашют спорту боюнча федерациянын 10дон ашуун спортчулары "Ан-2" учагынан секиришет. Алар чектелген аянтка парашют менен секирип түшүү боюнча мастер-класстарды көргөзүшөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан