“Түндүк электр” ишканасы ушул жылдын 6 айында 11,8 миллион сомго дебитордук карызы бар кардарларга карата сот органдарына 398 доо арыздарын жөнөткөн. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Анын ичинен “Түндүк электр” өнөр жай кардарларынын дебитордук карызы үчүн 42, Бишкектеги турмуш-тиричилик кардарларынын карыздары үчүн 356 доо арыздарын сот органдарына жиберген. Мындан сырткары Чүй жана Талас облустары дагы 6,7 миллион сом суммада ишканага карыз болгон. Соттун чечими менен өнөр жай кардарларына тийиштүү 2 миллион сомго жакын, ал эми турмуш-тиричилик кардарларына 759 миң сомго жакын акча өндүрүлгөн. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6 айынын ичинде 80,9 миллион сом дебитордук карызы боюнча 105 509 кардардын электр энергиясы өчүрүлгөн.