Бишкекте жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

2-августта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин Табышалиев көчөсүндөгү 34-35-көп кабаттуу үйлөрүндө, Түндүк, Ярославский, Семетей, Логвиненко, Жибек Жолу, Скрябин, Ахунбаев көчөлөрүндө, Алтын-Ордо конушунда электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле убакыттарда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ат-Башат, Темен-Суу, Жарды-Суу, Мураке, Кепер-Арык, Чоң-Арык айылдарында, Аламүдүн районуна караштуу Учкун 6ГА дарегинде, Кырман конушунда, Көк-Жар, Лебединовка айылдарында, Ленин айылынын Чыгыш, Коммунарский көчөлөрүндө, Мыкан айылынын Линейная, Гесовская, ПМК-3 районунда, Сокулук районундагы Манас, Ак-Жол  айылдарында электр энергиясы чектелет. Электр энергиясынын убактылуу өчүрүлүшү 6/10 кВ аба электр берүү чубалгысындагы өсүп кеткен бак бутактарды кыйып, зымдарды тарттырып, кемтик изоляторлорду алмаштыруу иштерине байланыштуу болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан