АКШ бийлиги: "Орусиянын Сноуденге баш паанек бериши - АКШны сыйлабагандык"

"Өлкөнү сатып кетти" деп айыпталып АКШнын колуна тийбей жаткан америкалык атайын кызматтын экс-кызматкери Эдвард Сноуденге Орусия 1-августта убактылуу баш паанек берди. Өз учурунда бул аракет америка тараптын нааразычылыгын жаратты. "Орусиянын бул кылганы - АКШнын беделин түшүрүүгө аракет кылуу жана биздин өлкөнү урматтабагандык. Бул бардык америкалыктарга сокку болду",- деп билдирди өлкөнүн сенатору Жон Маккейн (сүрөттө). Муну айткан Маккейн Барак Обаманын администрациясын Орусия менен болгон мамилени башынан кайрадан карап чыгууга чакырды. Башка америкалык беделдүү саясатчылар да Орусиянын бул аракетин айыптап, буга карата АКШ олуттуу жооп узатышы керектигин айтышууда. Сноудендин Орусиянын аймагынан баш паанек алышы эки өлкөнүн мамилесине олуттуу түрдө терс таасирин тийгизе турганы айтылууда деңиздин ары жагында. "Орусия өкмөтүнүн мындай кадамга барганы биз үчүн жагымсыз болду",- дейт Обаманын басма сөз катчысы Жей Карни. Айтымында, АКШ Сноуденди мекенине кайтарып берүү талабын токтотпойт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан