Москвада рейд учурунда 11 кыргыз жараны кармалды

Москванын базарларында болуп жаткан кеңири масштабдагы рейдде 11 Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Москвада бир канча күндөн бери рейд жүрүүдө. Бардык кармалгандардын мурда кылмыштуулука тиешеси бар же жоктугу, ошондой эле алардын Орусияда жүргөнүнүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөнүн 1000ден ашуун жарандары кармалган. Алардын арасында 11 кыргыз жараны бар. Учурда элчилик тараптан кармалган кыргыз жарандарынын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, кеңири масштабдагы рейд “Матвеевский” базарында Түндүк Кавказдын тургуну полиция кызматкерине кол көтөргөндөн кийин башталып, бир нече күндөн бери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан