13:00гө карата Жалал-Абад облусу боюнча шайлоонун жыйынтыгы
Жалал-Абад облусу боюнча 7 шаардык кеңешке жүрүп жаткан шайлоонун саат 13:00гө карата жыйынтыгы белгилүү болгонун БШКнын сайты маалымдады. Алсак, Жалал-Абад шаары боюнча 32580 шайлоочу каттоодон өто, алардын 9590у, башкача айтканда, 29,44 пайызы добуштарын берип бүтүштү. Кара-Көл шаардык кеңеши (11 646 шайлоочу катталган) - 3406 (добуш бергендердин саны, пайыз менен алганда 29,25%), Кербен шаардык кеңеши (14908), - 2522 (16,92%), Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (4735) - 1087 (22,96%), Кочкор-Ата шаардык кеңеши (8 001) - 1778 (22,22%), Майлуу-Суу шаардык кеңеши - (11227) - 2108
(18,78%) жана
Таш-Көмүр шаардык кеңеши (15651) - 3684 (23,54%).