Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке “КРдагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө” мыйзамга каршы пикирин жөнөттү. Каршы пикирде ЭЭАнын тосмолонгон аймагынын жоктугу товарлардын ЭЭАга жана ЭЭАдан өткөрүүдө бажы көзөмөлүн кыйындатат. Ошондой эле ЭЭАнын мекемелерине берилген жеңилдетилген салык жана бажы режиминин шарттарында бажы төлөмдөрүн жана салыктарын администрациялоодо маселелерди түзөт деп белгиленет. Мындан тышкары мамлекет башчы Эркин экономикалык аймактын башкы директорун жана анын орун басарларын дайындоо укугун премьер-министрге берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. ЭЭАны иштетүүнүн мыйзамдык базасынын өзгөрүшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген ЭЭА мекемелерин кошо алганда, ишкерлик-коомчулуктун өкүлдөрүнүн кайрылууларын эске алып, президент Жогорку Кеңеш мыйзамды жакшыртууга багытталган алардын сын-пикирлери менен сунуштарын да кароону максатка ылайыктуу деп эсептейт.