Британиялык авиакомпания аэропортто "учак 86 жылдан кийин учмай болду" деп жүргүнчүлөрдүн оозун ачырды

Британиядагы белгилүү лоукостерлердин (арзан баада жүргүнчүлөрдү тейлеген авиакомпания) бири "easyJet" аэропортто кезектеги каттам болбой калганын, жүргүнчүлөр 86 жыл күтүшү керектигин жарыялап ал жердегилердин жакасын карматты. Окуя июль айынын аягында Женевадагы аэропорттордун биринде болду. Кезектеги түнкү каттамга чыгуу үчүн 130 жүргүнчү чогулган маалда Лондондогу Гатвик аэропортунан электрондук кат келген. "Сиздердин №9485-каттам 2099-жылы 29-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө учат" деп жазылат анда. Авиакомпания бул ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим суроого үлгүрдү. Компания ошондой эле жүргүнчүлөрдү күн сайын үч маал тамак менен камсыз кылууну, мейманканадан орун алып берүүнү жана күн сайын уюлдук телефон аркылуу 2 эл аралык чалууга шарт түзүп берүүнү убадалады. Өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, 2099-жылга чейин авиакомпания ар бир жүргүнчүгө 6 миллион фунт сарптамак. Бирок, көп өтпөй авиакомпаниянын маалымат катчысы тармакта системдик катачылык кеткенин, каттам 86 жылга эмес, 1 гана күнгө учпай калганын билдирди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан