ЭЛДИК КАБАР: Ат-Башыда 5 буттуу козу туулуп, өлүп калды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында 5 буттуу козу туулуп, өлүп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, ал биринчи жолу ушундайды көрүп жатат. "Козунун 5 буту жана бир бутунда 2 салаасы бар экен", - деди окурман.

Буга чейин 2016-жылы 29-февралда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында 3 буту ашыкча козу туулган. "Козунун туулганына бир күн болду, башка козулардай эле басып жүрөт", - деген фермер.

Ошондой эле 2017-жылы 5-апрелде Токтогул районунун Терек-Суу айылында 5 буттуу козу туулган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

5 буту менен туулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2019-06-09 23:31:56
Кочкор алмаштырып туруш керек!убагында мал догдурга көргөзгүлө приколдобой может буртсилёз оорусу менен ооруган кой!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан