Бүгүн, 2-августта Транспорт жана коммуникация министрлигинин 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында жасалган иштердин жыйынтыгын талкуулаган коллегиялык жыйыны өтүп жатат. Жыйынды министр Калыкбек Султанов ачып, министрликтеги жаӊы дайындалган айрым жетекчилерди тааныштыруу менен баштады. Андан соӊ министрликтин Экономика жана каржы башкармалыгынын башчысы Нурлан Салиевге сөз берилди. Салиев жарым жыл ичинде министрликте аткарылган иш-аракеттерди тааныштырууда.