Ош шаардык паспорт жана виза каттоо бөлүмү күн сайын 350-400дөй жаранды тейлейт. Мекеме жыл башынан бери 11940 жаранга ID кард, 8004 жаранга чет өлкөгө чыгуучу паспорт берген. “Мындан сырткары КМШ жана Өзбекстанга баруугу 16 жашка чейинки өспүрүм балдарга керектүү документти сурап көп кайрылышат”,- дейт аталган бөлүмдүн башчысы Ринат Алиев.