Мамлекеттик салык кызматы 21-августтан баштап унааларга болгон салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн кошумча төлөм жазылып баштай турганын кабарлады. Автоунааларга салык төлөө мөөнөтү 20-августта бүтөт. Андан соң аталган салык кызматкерлери менен МАИ кызматкерлери биргеликте рейд жүргүзүшүп, салык төлөбөгөн жарандарды аныкташмакчы. Төлөбөгөндөргө 2000 сом административдик айып салынмакчы. Толук маалымат алууну каалагандар 194 номуруна чалышса болот.