Оштогу "Айкөл Манас" эстелигинин жанында пайда болгон жайма базарды жоюу тапшырмасы берилди
Ош шаарындагы "Айкөл Манас" эстелигинин жанында мыйзамсыз чакан базарды жоюуга шаар жетекчиси Мелис Мырзакматов тапшырма берди. Ал мыйзамсыз пайда болуп жаткан базарга шаардагы тийиштүү органдардын эмнеге чара көрбөй жатканын сурады. Буга шаардын башкы архитектору Нурбек Баетов "бул жер Кара-Суу районуна караштуу болгондуктан базарды жоюу же башка чечимдерди кабал алууга юридикалык укугубуз жок",- деп жооп берди. Шаар башчысы базарды жоюу боюнча жогорку бийлик бутактарына тийиштүү документтерди жөнөтүү тапшырмасын берип "мындайга жол бербеш керек. "Айкөл Манас" көлөмү жагынан Кыргызстандагы жападан жалгыз эстелик",- деди.