Бүгүн, 2-августта Транспорт жана коммуникация министрлигинин коллегиялык жыйынында кызматтык орундар талкууланды. Министр Калыкбек Султанов Жарандык авиация агенттигинин учурдагы башкы эсепчисинин тийиштүү билими жок экенине токтолуп, анын бул кызматка кандайча алынганын сурады. “Башкы бухгалтердин тийиштүү билими жок, жаш кыз экен. Кесиби дал келбесе, тажрыйбасы жок болсо аны кантип кызматка алдыңар”,- деди министр. Аталган агенттиктин директорунун орун басары Мураталы Токтобеков учурда ал кыз кызматта келишимдик негизде убактылуу иштеп жатканын айтты. “Жакын арада сынак жүргүзүлүп, анын негизинде башкы эсепчилик кызматка жаңы адис алабыз”,- деди ал. Султанов бул маселени жакын арада чечүү керектигин эскертти.