Кожомкул атындагы Спорт Ордосундагы бассейнди оңдоого 3,5 миллион доллар керек

Кожомкул атындагы Спорт Ордосундагы 50 метрлик бассейнди оңдоого 3,5 миллион доллар кетерин Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Мурат Саралинов билдирди. Айтымында, учурда кыргыз спортчулары 25 метрлик бассейнде машыгышат. Ал эми эл аралык мелдештерде спортчулар 50 метрлик бассейндерде сүзүшөт. 1974-жылы курулуп баштап 1979-жылы бүткөн бассейн учурда иштебейт. Эске сала кетсек, 1-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев аталган Спорт Ордосунда болуп, ал жердин, анын ичиндеги бассейндин абалын иликтеп чыгуу тапшырмасын тиешелүү органдарга берген эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан