6 айда Кыргызстанга Кытайдан, Германиядан, Түркиядан көп турист келген

2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу Кытайдан келген туристтердин саны 6840ка же 70 пайызга өссө, Германиядан келгендердин саны 30 пайызга (1071 киши), Түркиядан келгендердин саны 33,5 пайызга (2499) өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта маалымат жыйынында Маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Данияр Казаков билдирди. Ал эми Түштүк Кореядан келген туристтердин саны 50 пайызга азайса, АКШдан келгендердин саны 19 пайызга төмөндөгөн. “6 айдын жыйынтыгы боюнча алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин саны 70 миңге жеткен. Бул көрсөткүч былтыр 50 миң болчу”,- деди Казаков.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан