Мамлекеттик чек ара кызматынын квалификацияны жогорулатуу курсун 30 прапорщик бүттү. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 2-августта билдирди. Маалыматка ылайык, алар 45 күн аскердик билимин жогорулатышып, ар кандай машыгуулардан өтүшкөн. Сынак тапшырышып, андан ийгиликтүү өтүшкөн 30 прапорщикке чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов кенже лейтенант наамын ыйгарды.