Бишкекте куралдардын жана ок-дарылардын калдыктарын жок кылуу боюнча программаны ишке ашыруу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 2-августта Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Европа коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) ортосунда атуучу курал жана ок-дарылардын кору боюнча программаны ишке ашырууга байланыштуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюулду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Документке кыргыз тараптан коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос кол коюшту. Меморандумдун алкагында жеңил жана атуучу курал жарактар жана кадимки курал-жарактар боюнча программаны ишке ашыруу пландалууда. Мындан сырткары программа курал-жарак сакталуучу кампаларды оңдоп-түзөө, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн инфраструктурасын жакшыртуу, атуучу куралдардын жана  кадимки ок-дарылардын калдыктарын жок кылуу жана башка долбоорлорду ишке ашырууну карайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан