Жалал-Абад. Облуста жарым жылда 9 адам сууга чөгүп каза болгон
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 9 адам сууга чөгүп каза тапкан. Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынын башчысы Өмүрбек Айтбаевдин айтымында, каза болгон 5 жаранды куткаруу кызматкерлери таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми 4 жаран табыла элек."Куткаруучулар 4 адамды сууга агып бара жаткан жеринен куткарып калышкан. Тургундар окуя болгондо дароо бизге айтпастан өз алдыларынча издешет. Таптакыр айласы түгөнүп калганда гана бизге кайрылышат",- дейт Айтбаев.