Индиянын премьер-министри социалдык тармактагы баракчасына кыргыз тилинде саммиттин жемиштүү өткөнүн жазып, ыраазычылык билдирди

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди социалдык тармактагы баракчасына кыргыз тилинде саммиттин жемиштүү өткөнүн жазып, ыраазычылык билдирди.

"Мейман дос кыргыз элине ШКУнун саммитинин жемиштүү өткөнүнө чоң ыраазычылыгымды билдирем. Бул саммит көп кырдуу кызматташтыкты бекемдеп, көптөгөн позитивдүү жыйынтыктарды алып келет деп ишенем. Кыргыз мамлекетине жана президент Сооронбай Жээнбековго мейман достук үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - деп жазат Нарендра Моди.

Кечээ, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп, 22 документке кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
voennyi88
2019-06-15 19:02:58
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенештин депутаттарына окутуп койгулачы Кыргызсчаны уйронсун.
+7
voennyi88
2019-06-16 01:04:05
Нарендра эмес эле Нарынбекко.
+4
JENTLEMAN
2019-06-16 05:01:10
Ичип-жеп, саякат кылып жыргаган силер үчүн албетте жемиштүүда, бирок эл үчүн бир тыйында пайдасы жок, жемишида жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан