Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде 22 документке кол коюлду

Бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде 22 документке кол коюлду. Саммитке Кыргыз мамлекетинин, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Пакистандын, Индиянын премьер-министрлери катышууда. ШКУга байкоочу болуп Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголиянын башчылары катышты.

Анда төмөнкү документтерге кол коюлду.

  1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча иш планын бекитүү жөнүндө чечим;
  2. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарынын башчыларынын форумунун регламентин бекитүү жөнүндө чечим;
  3. ШКУга мүчө мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык концепциясын бекитүү жөнүндө чечим;
  4. ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө чечим;
  5. ШКУнун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу уюмдун башкы катчысынын докладын бекитүү жөнүндө чечим;
  6. ШКУнун аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндамасын бекитүү жөнүндө чечим;
  7. ШКУга мүчө мамлекеттердин 2019-2021-жылдар мезгилинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө чечим;
  8. ШКУнун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
  9. ШКУнун катчылыгы менен дүйнөлүк туристтик уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
  10. ШКУнун катчылыгы менен "Астана" эл ортосундагы каржы борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
  11. ШКУ менен Бириккен улуттар уюмунун тамак-аш жана айыл чарба бирикмесинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
  12. ШКУнун катчылыгы менен Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу чечим;
  13. "ШКУ-Ооганстан" байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин жол картасына кол коюу жөнүндө чечим;
  14. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча маалымат билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат);
  15. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары тарабынан кол коюлган документтер;
  16. ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү ортосундагы жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим;
  17. ШКУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтык жөнүндө келишим;
  18. ШКУга мүчө мамлекеттердин 2019-2021-жылдарга саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги чаралар планы;
  19. ШКУнун катчылыгы жана дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  20. ШКУнун катчылыгы жана Бириккен улуттар уюму башкармалыгы ортосундагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  21. ШКУнун катчылыгы жана эл аралык "Астана" финансылык борбору ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  22. "ШКУ-Ооганстан" байланыш тобунун мындан аркы иш-аракеттеринин жол картасы.
ШКУнун саммитинде 22 документке кол коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан