Жалал-Абад. Спортчу Нурбек Аканов "спортто жүрүп 37 автоунаа уттум, бирок жеке унаам жок" дейт

Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиаданын алтын медалынын ээси Нурбек Аканов учурда алдыдагы мелдештерге даярданып жатканын айтты. Айта кетсек, спортчу бүгүн, 2-августта Жалал-Абад шаарында маалымат жыйын өткөрдү. Спортчу 15 жашынан тарта спорттук мелдештерге катыша баштап, бүгүнкү күнгө чейин 37 автоунаа утканын билдирди. "Спорттун арты менен 37 автоунаа уттум, бирок өзүмдүн менчик унаам жок. Ар бир уткан байгемди кайрымдуулук иштерине жумшап, муктаж адамдарга жардам берем. Мени менен бирге машыккан балдар пайдалансын деп бир автоунаа бердим. Кудай берем десе берет, мындай марттыкты дайым жасай бермекчимин",- дейт Аканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан