Жалал-Абад. Архитекторлордун кесиптик майрамына карата көргөзмө уюштурулду
2-августта Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы драма театрында архитекторлордун кесиптик күнүнө карата көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Жумабеков билдирди. Көргөзмөгө облустун бардык архитекторлору катышып, өз эмгектерин тартуулашты. "Облуста таланттуу архитекторлор бар, жылдан-жылга алардын эмгеги бааланбай бара жатат. Бизде да күчтүү архитектор, скульпторлор бар деген максатта алардын талантын көргөзмө аркылуу элге тартууладык",- деп билдирди Жумабеков. Аталган иш-чарага облус башчы жана район шаарлардын аким-мэрлери катышты.