Август айында кыргызстандыктар жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн 15, 21сомдон төлөшөт. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, өткөн айга салыштырмалуу газга болгон баа кымбаттады. Июль айында өлкө калкы жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн 15,12 сом төлөгөн. Ал эми бул айда өлкөнүн түштүгү газ үчүн 15,19 сомдон, түндүгү 15,21 сомдон төлөмөкчү. Баалардын ай сайын өзгөрүп турушу доллардын курсунан көз каранды. Жыл башынан бери газдын баасы түштүк үчүн 0,44 сомго, түндүктө 0,45 сомго жогорулаган. Белгилей кетсек, өлкө жаратылыш газынын миң метр кубун Казакстандан 224 доллардан, Өзбекстандан 290 доллардан алат.